Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Amnesty International Казакстанды кармалгандар менен каза болгондордун санын ачык айтууга чакырды


Казакстандагы нааразылыктар. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы нааразылыктар. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

Amnesty International эл аралык уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга чакырды. Уюм ошондой эле кармалгандардын арасындагы журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөдү.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан укук коргоо уюмунун кайрылуусунда бардык укук бузууларды, ошондой эле “күч кызматтары тараптан курал колдонуу” менен жасалган фактылардын баарын кылдат жана бейтарап иликтөө зарылдыгы айтылат.

Уюм каршылык акциялары аяктаганына бир нече күн болсо да жарандар арасындагы курмандыктардын саны так айтылбай жатканын сынга алган. Бийлик күч кызматтарынын 18 кызматкери өлгөнүн гана ырастаган.

Amnesty International уюмунун билдирүүсүндо "бул жагдай таптакыр акылга сыйбаган көрүнүш экени, сандар тез арада айтылышы керектиги" белгиленет.

Ички иштер министрлигинин каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча маалыматы 7-январдан бери жаңыра элек. Анда 26 адам өлгөнү айтылган. Андагы маалыматта “террорчулар” жана “жок кылуу” деген терминдер колдонулган болчу.

9-январда бийлик көзөмөлдөгөн Телеграм-каналдар январдын башындагы окуяларда жалпы 164 киши каза тапканын жазышкан. Көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.

Акыркы маалыматтарга ылайык, тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG