Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Рамзан Кадыров Ингушетиянын "айылдарын басып алам" деп коркутту


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Ингушетиянын жашоочуларына жана аксакалдарына багытталган видеокайрылуу таратып, өзүнө коюлган айыптарды дааналап айтуу үчүн үч күндүк мөөнөт койгонун маалымдады. Ал эгер дооматтар негизсиз жана анын кадыр-баркына шек келтире турган болсо, “анда бардык кадамдарга барарын, ал үчүн эч кандай мыйзам жоктугун” айтты.

Инстаграмда жарыяланган кайрылууда Кадыров “анын калкынын, уруусунун, үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн кадырына шек келтирген адамдарды жөн калтырбай” турганын айтты. Ал ошондой эле жоопту үч күндүн ичинде күтөрүн кошумчалады.

Кадыров мындан сырткары Чеченстан менен Ингушетиянын чек арасын кайра кароого чейин барарын айтып коркуткан. Анын пикиринде эки коңшу республиканын ортосундагы чек араны өзгөртүү боюнча 2018-жылдагы келишимде айрым чечен айылдары Ингушетиянын ичинде калып калган.

“Алланын аты менен ант ичем, эгер жалган айтсам элим жана мен каргышка калалы. Мен баарын силердин жетекчилигиңер суранган абалда калтыргам. Мен ийге келип, биздин айылдарды силерде калтыргам. Эми азыр ошол чагымчылдарга кайрылам. Мен силерди адам ордуна көрбөгөнүм үчүн жана эркек деп эсептебегеним үчүн жериңерди тартып алгам. Эми тынчыбасаңар калган айылдарыңарды да тартып алам”,-деген Чеченстандын башчысы.

Кадыровдун мындай аракети Ингушетиянын башчысынын алдындагы дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Яхья Хадзиевдин кечирим суроосунан кийин болуп жатат. Ал "Кадыров менен жолугуп, кучакташканы үчүн" кечирим сураган.

Рамзан Кадыров 11-январда Грозныйдагы кеңешмеде да Ингушетиянын жашоочуларына карата катуу билдирүүлөрдү жасаган. Буга анын алдында Чечен жергесине келип кеткен ингуш делегациясынын мүчөлөрү өз жердештеринен кечирим сураганы себеп болгон.

2018-жылдын 26-сентябрындагы чек ара жөнүндөгү макулдашууга Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров кол койгон. Бул келишим Ингушетияда нааразылыктарды жараткан, 2018-жылдын күз айларында жана 2019-жылдын жаз айларында чоң митингдер өткөн. Демонстранттар бул келишим калыс болбой калган деп эсептешет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG