Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:45

Столтенберг: Орусия Украинанын НАТОго киришине вето коё албайт


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТО-Орусия кеңешинин Брюсселдеги жыйыны жыйынтыкталды. Отурумдун жыйынтыгы тууралуу өткөн брифингде Түндүк Атлантикалык бирикменин баш катчысы Йенс Столтенберг “Орусия менен сүйлөшүү жеңил болбогонун жана Украина боюнча олуттуу пикир алмашуу болгонун" айтты.

Анын сөзүнө караганда, бир топ маселелер боюнча тараптардын келишпестиги сакталып калды. Ошентсе да Столтенберг “НАТОнун бардык мүчөлөрү жана Орусия бир үстөлгө жыйналганын жакшы белги” деп атады.

12-январдагы жолугушуу НАТО-Орусия кеңешинин алкагында 2019-жылдан берки биринчи жолку отурум болуп калды. Анда орус тарап койгон “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтому каралмак. Москва аскердик альянска “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.

Столтенберг Түндүк Атлантикалык уюмдун кеңейишин “агрессивдүү кадам” деген бүтүм туура эместигин айтып, “Украинанын НАТОго кошулушуна Орусия вето коё албайт” деди. Ал мындан сырткары жолугушууда уюмдун бардык мүчөлөрү Орусияны Украинанын, Грузиянын жана Молдованын аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышканын белгиледи.

Журналисттердин “Орусия күчтөрүн колдонгон учурда НАТО Чыгыш Европада аракеттерге барабы?” деген суроосуна уюм жетекчиси “андай болсо Европада куралдуу конфликт орун алып калышы мүмкүндүгүн” эскертип, бирок НАТО мүмкүн болушунча андан карманууга аракет кыларын билдирди.

9-10-январда Женевада АКШ менен Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн Украинадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүсү өткөн. Ага катышкан Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман Брюсселдеги олтурумга да барды. Андан сырткары НАТОго мүчө 30 мамлекеттин бардыгынын өкүлдөрү келишти. Сүйлөшүү төрт саатка созулду.

НАТОго АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө. Былтыр жайда ага Украинаны кошуу маселеси каралган.

Мындан көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG