Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

Түмөнбаев: Каркырадан казак чек арачылары кыргыз жаранын кармап кетти


Каркыра жайлоосу.
Каркыра жайлоосу.

Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев казак чек арачылары бир кыргыз жаранын кармап кеткенин билдирди. Анын айтымында, Сыймык Өмүрбек уулу аттуу жаранды Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы Каркыра жайлоосунда өзүнүн малын кайтарып жүргөн учурда Казакстандын чек арачылары кармап кеткен.

Депутат бул окуя кайсы күнү болгонун тактаган жок. Анын сунушу менен төрага Талант Мамытов Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматына маалыматты тактоо тууралуу протоколдук тапшырма берди.

Жогорку Кеңеш 2002-жылы май айында Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG