Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:08

Коронавирус жугузгандардын саны көбөйдү


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 11-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2821 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 348 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (244 адам). Кечээ 10-январда вирус жугузган 198 адам катталган. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 186 413 адамга жетти.

Вакцина алгандар өлкө боюнча 1 млн. 247 миңден ашты.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG