Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Новак Жокович Австралия сотуна ыраазычылык билдирди


Атактуу теннисчи Новак Жокович визасын жокко чыгаруу чечимин артка кайтарган Австралия сотуна ыраазычылык билдирип, бул өлкөнүн Ачык чемпионатына катышуу үмүтү өчө электигин кошумчалады.

Өткөн жумада ал Австралия аймагына вакцинация боюнча сертификаты жок киргенине байланыштуу визасы жокко чыгарылып, миграциялык борборго жайгаштырылган.

Анткен менен өкмөттүк юристтер Австралия Жоковичти депортациялап, өлкөгө кирүүгө үч жылга тыюу салып салышы мүмкүн экенин эскертишти.

Көптөр бул окуяда Австралия бийлигин колдоп жатышат. Алар Жокович башынан эле эмдөөгө каршы болуп келгенин жана бул ирет ал да эрежелерге баш ийиши керек экенин жазып жатышат.

Австралияда катуу карантин чаралары башка мамлекеттерге салыштырмалуу узакка созулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG