Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Бийликти басып алууга шек саналгандардын жакындары акцияга чыкты


УКМК ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген.
УКМК ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген.

Бүгүн, 10-январда Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Нурмамбет айылында "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген айып менен камалган 15 адамдын жакындары нааразылык акциясына чыгышты. Ага жүздөн ашык киши катышып, жакындарын бошотуу тууралуу бийликке кайрылуу жолдошту.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) өткөн жылы ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого талапкерлер жана мурдагы чиновниктер бар экенин маалымдаган. Буга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлап, иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн. Кармалгандардын жакындары мындай айып негизсиз экенин айтып келишет.

Өткөн айда парламент камалгандардын бири, ошол кездеги депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген эмес жана ал үй камагына чыккан. Бул иштин алкагында саясатчы, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов дагы атайын кызматка сурак берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG