Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:36

ТИМ: Казакстанда кармалган кыргызстандыктар тууралуу расмий маалымат берише элек


Алматы шаары, 10-январь, 2022-жыл.
Алматы шаары, 10-январь, 2022-жыл.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда башаламандык маалында Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу маалымат жок экенин "Азаттыкка" билдирди.

"Ал жакта антитеррордук операциянын алкагында миңдеген адамдар кармалып, иликтөөлөр жүрүп жатканы айтылды. Кармалгандар арасында кыргызстандыктардын бар экени тууралуу расмий маалымат ала элекпиз. Элчилик, консулдукта каттоодо турган жарандарыбыз бар, алардын санын тактап жатабыз. Андан сырткары Нур-Султанда, Бишкекте, Алматыда ыкчам жардам берүүчү топтор иштеп жатат. 2-январдан бүгүнкү күнгө чейин (10-январь) бизге миңге жакын Кыргызстандын жараны кайрылды. Алардын суроо-талаптарына жооп берип жатабыз", - деди Казакбаев.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда башаламандыкка катышы бар деген шек менен алты миңден ашуун адам кармалды.

10-январда Казакстандын айрым аймактарында интернет байланышы жарым жартылай калыбына келди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG