Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Сердюков: ЖККУнун аскерлери кырдаал толук жөнгө салынганча Казакстанда болот


ЖККУнун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын алкагында Армения дагы Казакстанга жоокерлерин жиберген.
ЖККУнун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын алкагында Армения дагы Казакстанга жоокерлерин жиберген.

Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюумунун (ЖККУ) Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков 9-январда брифингде билдирди. Ал аталган уюмдун аскерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди "көзөмөлдөп" жатканын кабарлады.

Ушул тушта Казакстанда ЖККУнун канча жоокери бар экени беймаалым, айрым булактарга караганда алардын саны миңден ашат жана басымдуу бөлүгү Орусиядан жөнөтүлгөн.

Уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери 7-январда Алматыга жеткирилген.

Буга чейин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен казак бийлигинин "ондогон адам каза тапкан каршылык акцияларын басууга ЖККУнун аскерлерин жардамга чакырганы суроо жаратат" деп билдирген.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байланыштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык ката" деген негизде четке каккан.

Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды "чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар" уюштурганын билдирип жатышат.

Казак полицияы кармалгандардын арасында "кошуна мамлекеттердин жарандары" бар экенин билдиргени менен кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган эмес.

Бүгүн Казакстан аза күтүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG