Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Казакстан: жарандар менен балдардын өлүмү тууралуу маалыматтар чыгууда


Алматыдагы Республика аянты. 7-январь, 2022-жыл.
Алматыдагы Республика аянты. 7-январь, 2022-жыл.

8-январда Израилде чыккан Jerusalem Post гезити өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка таянып, Алматыдагы тополоң учурунда 22 жаштагы Ирзаилдин жараны Леван Когиашвили окко учканын жазды. Израил бийлиги азыркы тапта маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүнү уюштурууда.

Orda.kz сайты Телеграм каналына Алматы шаарындагы өлүкканада журналисттер чогулткан фактылар жарыяланды. Анда шаар тургундары моргдо жакындарын издеп кезекте турушканын, каза болгондор арасында төрт жаштагы кыз бар экени айтылууда. Жакындары наристе агалары менен дүкөнгө чыкканда ок тийгенин журналисттерге айтып беришкен.

"Азаттыктын" казак кызматынын маалыматына караганда, расмий тарап бул кабарларды тактай элек.

Каза болгондор тууралуу акыркы маалымат 7-январда Казакстандын ички иштер министрлиги тарабынан жаңыланып, полиция жана Улуттук гвардиянын жоокерлерин кошкондо 18 кызматкер каза болгону, 26 жаран өлгөнү айтылган. Каза болгон жарандарга карата министрлик “жок кылынды” деген терминди колдонууда. Жаракат алгандардын саны 748.

Буга чейин Алматыдагы башаламандык учурунда 11 жаштагы өспүрүм окко учканын КазТАГ жана “Интерфакс” агенттиктери 8-январда кабарлаган. Бул маалыматты Балдар укугу боюнча атайын өкүл Аружан Саин тастыктаган.

Анын айтымында, бала 5-январда ата-энеси менен көчөгө чыкканда мүрт кеткен. Алматыдагы ооруканалардын биринде 15 жаштагы өспүрүм оор абалда жатат, анын атасы да жарадар болгон. Экөө машине менен бара жатканда аткылоого кабылган.

6-январдан бери Казакстанда “антитеррордук операция” жүрүүдө. Президент Касым Жомарт Токаев күч органдарына “эскертүүсүз атууга” буйрук берген. Эл аралык уюмдар, активисттер анын бул буйругун сынга алып, жарандарга карата ок атууну токтотууну талап кылган.

Казакстанда 10-январь улуттук аза күнү деп жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG