Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

Өзбекстанда кичи ажылыкка даярдык башталды


Меккеде зыярат кылып жаткандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Меккеде зыярат кылып жаткандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда умрага же кичи ажылыкка даярдык башталды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта пандемияга чейин кезекке тургандардын тизмеси каралып, учуу убактылары пландалып жатат.

Сауд Арабияга зыяратка баруу үчүн өзбекстандыктар коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышы керек. Пандемия башталганы өзбекстандыктар чоң жана кичи ажылыкка барыша элек. Ал эми Тажикстандын тургундары буга чейин бийлик умрага барууга белгисиз себептерден улам уруксат бербей жатканына даттанышкан. Өлкөнүн дин башкармалыгы азырынча коронавируска каршы күрөшүү штабынын чечимин күтүп жатканын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын жарандары былтыртан бери умрага ээн-эркин эле барып келип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG