Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

10-январда Казакстан аза күтөт


Актөбөдөгү башаламандык.
Актөбөдөгү башаламандык.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

"Президент Касым-Жомарт Токаев бир катар аймактардагы каргашалуу окуяларда көп адам курман болгондугуна байланыштуу 2022-жылдын 10-январын улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоону чечти", - деп жазды "Фейсбук" баракчасына президенттин маалымат катчысы Берик Уали.

Расмий маалыматка караганда, каргашалуу окуяларда 44 адам, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болду. Бейрасмий маалыматтарда өмүрү кыйылган карапайым адамдардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экени айтылууда.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар Казакстандын бир катар шаарларында башаламандык менен коштолду. Коңшу өлкөнүн аймагында өзгөчө абал жарыяланды.

Соңку үч күндөн бери Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун "бейкуттук күчтөрү" кирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG