Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Бишкекте Казакстандын жарандарына жардам берүү штабы иштеп баштады


Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев. 8-январь, 2022-жыл.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев. 8-январь, 2022-жыл.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, транзит менен келген казак жарандарына жардам көрсөтүү максатында атайын штаб иштеп баштады.

Транзиттик каттамдар менен “Манас” эл аралык аэропортуна түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаалар даярдалып, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып баруу жана андан ары өткөрүү уюштурулуп жатат. Түндөсү келген жүргүнчүлөр кошуна өлкөдө коменданттык саат болгондуктан “Достук” мейманканасына жайгаштырылган.

Казакстандык жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн чыгымдар мэриянын резервдик фондунан жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. 8-январга караган түнү казакстандык 32 жүргүнчү келген.

7-январда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарына жардамдарды уюштуруу боюнча шаардык штабдын иштөө тартибин бекиткен. Бишкек шаарынын мэриясынын бир катар кызматтары жана облустук администрациялары менен биргеликте Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен макулдашылып иш алып барууда.

Шаар мэриясы уюштурган штабда Казакстандагы окуяларга байланыштуу гуманитардык жардам топтоо иштери да жүргүзүлүп жатат. 7-январда Бишкекте активистер жана демөөрчүлөр Казакстанга гуманитардык жардам чогултуп жеткирүү иштерин баштады. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG