Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

ЕБ: АКШ - Орусия Украина боюнча чечимди Брюсселсиз кабыл албашы керек


Урсула фон дер Ляйен менен Эммануэл Макрон Парижде. 7-январь, 2022-жыл.
Урсула фон дер Ляйен менен Эммануэл Макрон Парижде. 7-январь, 2022-жыл.

Украинанын тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салуу чечимин АКШ менен Орусия Европа Биримдигинин катышуусу жок кабыл албашы керек. Бул тууралуу Париждеги басма сөз жыйынында Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен билдирди.

Фон дер Ляйен Брюссел Киевге 6,5 млрд. доллардан ашык суммада жардам бергенин жана орус газы Европага Украина аркылуу өткөндүктөн бул өлкөдөгү тынчтыкка кызыкдар экенин белгиледи.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон бирдиктүү билдирүүдө Вашингтон менен Москванын сүйлөшүүлөрүн позитивдүү баалоого болорун кошумчалады. Макрон ошондой эле Брюсселди Москва менен түздөн түз сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырды. “Сүйлөшүүгө баруу бул кандайдыр бир кызмат көрсөттү”, - дегенди түшүндүрбөйт деди француз президенти.

Мурдараак Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан Кремль Украинадагы кырдаалды талкуулоодо "Евробиримдикти четтеткиси келип жатат" деп айыптаган. Ле Дриан андан ары Москванын Киевге ыктымал агрессиясы “Түндүк агым – 2” газ кууру боюнча келишимди кайра карап чыгууга түрткү болушу мүмкүндүгүн айткан.

Өткөн жылдын күз айларында Батыш медиа каражаттары чалгын маалыматтарына таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москва "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан.

Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскерин топтогонун билдирген. Москва НАТОдон Украинага жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдү уюмга мүчө кылуудан баш тартууну жана Чыгыш Европага аскер күчтөрүн жайгаштырууну токтотууну талап кылып келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG