Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Беларуста саясий туткун Дмитрий Дудойт өз жанын кыйды


Дмитрий Дудойт.
Дмитрий Дудойт.

Беларустун Могилев шаарында саясий туткун Дмитрий Дудойт өз жанын кыйды.

Тергөө комитети көчөдөгү байкоо камерасында жазылып калган видеону 6-январда таратты. Анда Дудойт автоунаа жолунун үстүндөгү көпүрөдөн бой таштаганын көрүүгө болот.

Сморгони шаарынын тургуну, 43 жаштагы Дмитрий Дудойт социалдык түйүнгө жергиликтүү полиция башчысына карата мыйзамда тыюу салынган сөздөрдү камтыган комментарий калтырганы үчүн эки жылга камалган эле.

Өткөн жылдын декабрында Дудойт жаза мөөнөтүн өтөш үчүн Могилевге жөнөтүлгөн. 5-январда аны медициналык кароодон өткөрүү үчүн клиникага алып барышканда качып кеткен. Көп өтпөй жанын кыйган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG