Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:52

Алматыда телеканалдын кызматкери мерт болду


Алматы шаарындагы аскерлер, 6-январь 2022-жыл.
Алматы шаарындагы аскерлер, 6-январь 2022-жыл.

Казакстандагы жергиликтүү медиа каражаттары билдиргендей, 6-январда “Алматы ТВ” телеканалынын бир кызматкери атылган октон каза таап, бир журналисти жаракат алды.

Маалыматка ылайык, мерт болгон адам журналисттик топтун айдоочусу болгон. Алардын жанында жүргөн оператор жабыркаган эмес.

“Алматы ТВнын” кызматкерлери Алматыдагы Республика аянтынын айланасында жүргөндө ок атууга туш болушкан.

Ар кыл кабарларга ылайык, 6-январдын кечинде бул райондо атайын техника менен жүргөн аскердик кызматкерлер нааразылык билдирип чыккан адамдарга ок аткан. Күбөлөрдүн айтымында, ал жерде каза тапкан жана жаракат алгандар бар. Алардын так саны алигиче белгисиз.

Активисттер жана журналисттер Республика аянтында шаардын ар кыл аймактарындагы мародерчулукка тиешеси жок тынч демонстранттар болгонун билдирип жатышат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланды.

Соңку эки күн ичинде Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери келе баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG