Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:18

Мирзиёев менен Токаев Казакстандагы абалды талкуулашты


Өзбек жана казак президенттери Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев.
Өзбек жана казак президенттери Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу байланышып, Казакстандагы соңку кырдаалды талкуулаганын өзбек лидеринин басма сөз кызматы 6-январда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Мирзиёев Казакстандын элинин жана жетекчилигинин өлкөдө туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылууга болгон умтулуусун толук колдой турганын билдирди.

5-январда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) да билдирүү таратып, Өзбекстан Казакстандагы соңку окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алып, тыкыр көз салып турганын, казак эли кырдаалдын курчушуна, зомбулукка жана жоготууларга жол берберине ишенерин белгилеген.

Ошону менен катар ТИМдин билдирүүсүндө “Казакстандыктарда биримдикти сактап, тынчтыкты калыбына келтирүү жана пайда болгон проблемаларды өз алдынча чечүү үчүн чечкиндүүлүк жана эрк бар деп ишенебиз» деп айтылган.

Казакстандагы кырдаалга байланыштуу 5-январда кыргыз президенти Садыр Жапаров да казак, армян жана орус лидерлери Касым-Жомарт Токаев, Никол Пашинян жана Владимир Путин менен сүйлөшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG