Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

ЕБдин министри Орусия Украинага кол салса "кесепети оор болорун" эскертти


Йозеп Боррелл.
Йозеп Боррелл.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Жозеп Боррелл уюмдун Киевге колдоосун дагы бекемдеп, эгер Орусия коңшусуна кол салса алар үчүн "кесепети өтө оор болорун" эскертти. Бул тууралуу ал Украинада 5-январда украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жасаган басма сөз жыйынында билдирди.

Шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Киев менен Брюсселдин максаты бир экенин – Орусия менен чыңалууну “дипломатиялык жол” менен жумшартуу экенин белгиледи.

“Чек арадагы чатак курчуп кетүүнүн алдында турат жана Европанын коопсуздугуна карата да чыңалуу күчөп баратат. Украинанын коопсуздугу сакталбаса Европада да коопсуздук жок”,-деди Йозеп Боррелл.

Ал “Украинанын чек арасына жакын аймакка Орусия 100 миңден ашык аскерин тартып келгенин чабуулга даярдык” деп бааланып жатканын маалымдады.

Борреллдин Украинадагы иш сапары эки күнгө созулат.

Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскерин топтогон. Москва НАТОдон Украинага жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдү уюмга мүчө кылуудан баш тартууну жана Чыгыш Европага аскер күчтөрүн жайгаштырууну токтотууну талап кылып келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG