Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Бекешев: Кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү ката болот


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык күчтөрүн Казакстанга киргизүү туура эмес деп эсептейт. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"2010-жылы июнда Убактылуу өкмөт ЖККУга аскерлерин Кыргызстанга киргизүү боюнча кайрылган. Анда Орусия жана Казакстан эстүүлүк менен баш тартып, алардын чечими туура болгонун тарых көргөздү. Эми Казакстан өзү ЖККУга кайрылып жатат. Бул ички көйгөйүн өз алдынча чече албаган бийликтин алсыздыгын көргөзөт. Биздин өлкөгө бул чуунун кереги жок деп ойлойм".

Бекешев ЖККУ тышкы кол салуудан же өлкө ичиндеги террордук чабуулдардан коргоо үчүн түзүлгөн уюм экенин белгилеп, мыйзам боюнча бийликке каршы адамдын баарын "террорист" деп санап койсо болорун жазган.

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу бул өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси караганы жатат. Кыргызстандын интернет айдыңында Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болгондор арбын экени байкалууда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген.

Уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда Фейсбук аркылуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирди. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG