Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Кыргызстан Казакстанда абал курчуй турган болсо чек арада тийиштүү чара көрүлөрүн билдирди


Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол бекети. Архив.
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол бекети. Архив.

Кыргызстан кыргыз-казак чек ара тилкесинде абал курчуп кете турган болсо тийиштүү чара көрөт. Бул тууралуу 5-январда “Азаттык” радиосуна өлкөнүн Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Абдиевдин айтымында, бардык түзүмдөр, анын ичинде кыргыз-казак чек арасында жайгашкан түзүмдөр 30-декабрдан бери Жаңы жылдык майрам күндөрүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү кырдаалды жана чектеш аймактарды көзөмөлдөп турат. Кырдаал курчуган учурда ИИМ, ӨКМ жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт”.

2-январда Казакстанда газдын кымбатташына байланыштуу башталган нааразылык акциялары күчөп, 5-январда өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келди. Учурда акциялар бир катар шаарда уланып жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG