Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:10

Карагандыда кырдаал курчуп жатканы кабарланууда


Караганды шаарында чогулгандар, 4-январь 2022-жыл.
Караганды шаарында чогулгандар, 4-январь 2022-жыл.

Казакстандын Караганды шаарында Жаңы-Өзөндөгү акцияларга колдоо көрсөткөн жүздөгөн адам суукка карабай топтолуп турат. Алар “Чал кет!” деп кыйкырып жатышат. Чогулгандар таңга чейин тарабай турганын айтышууда.

“Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, шаарда абал курчуп баратат. Митингчилер топтолгон жерге атайын даярдыктагы аскерлер келди.

Жергиликтүү тургундардын бири “алар чогулгандарды курчаганы жатат. Алардын саны топтолгон элден көп”, - деп айтып берди.

Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер 2-январда башталган. Соңку эки күндөн бери бул митингдерди колдогон акциялар башка бир топ шаарларда да өтүп жатат.

4-январда казак полициясы Нур-Султан, Алматы баштаган бир нече шаарда акцияга чыккан ондогон адамды кармады.

Президент Касым-Жомарт Токаев газдын баасы 120 тендеген 50 теңгеге түшүрүлө турганын айтып, демонстранттарды “деструктивдүү күчтөрдүн чакырыгына алдырбоого” үндөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG