Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

ИИМ экстремизмге каршы мыйзам долбоорун иштеп чыкты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ички иштер министрлиги “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоор koomtalkuu.gov.kg сайтында жарыяланды.

Негиздеме катында министр Улан Ниязбеков документ экстремизмге каршы аракеттерди жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн даярдалганын билдирген. Ал экстремизм менен күрөшүүдө эл аралык жана заманбап ыкмалар зарыл экенин, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгү байкалып жатканын билдирди.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты – адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, өлкө аймагынын бүтүндүгүн, коопсуздугун коргоого багытталганы айтылды.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

2003-жылдан бери 21 диний бирикмеге өлкө аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG