Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:37

Тимур Файзиев "Асман шаары" долбоорунун жетекчиси болгонун билдирди


Тимур Файзиев.
Тимур Файзиев.

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Ысык-Көл облусунда "Асман шаарын" куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болгонун билдирди. Файзиев "Инстаграмдагы" баракчасында видео жарыялап, долбоор жөнүндө кенен айтып берген.

Маалыматты Министрлер кабинети же президенттик аппараттан тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.

Өткөн жылы 29-декабрда Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген Равшанбек Сабиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, "Асман шаары" боюнча Франциядан инвесторлор менен сүйлөшүү аяктаганын жана март айында курулушу башталарын билдирген.

2021-жылы 28-майда Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган. 7-июлда Файзиевди сырттан камакка алуу чечими өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камалган эмес. "Элит Хаус" курулуш компаниясынын жетекчиси кызматынан кеткенин Файзиев 2021-жылы августта жарыялаган.

2021-жылы октябрь айында Ысык-Көл облусунда "Экологиялык таза Асман шаары" долбоорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик дирекция түзүлгөн.

Дирекциянын чыгашасы бюджеттен тышкары Кыргызстанда тыюу салынбаган каражаттардан каржыланат. Жаңы мекеменин башкы директорун Министрлер кабинети дайындайт жана бошотот. Эки орун басары болот, аларды кызматка дайындоо жана бошотуу укугу башкы директордо болот.

2021-жылы 6-июнда президент Садыр Жапаровдун ошол кездеги кеңешчиси Равшанбек Сабиров туристтик жана инвестициялык кудурети жогору аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйын өткөргөн. Анда Ысык-Көл облусуна "Асман" деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялап, 7-10 жыл ичинде шаар курулуп бүтүп калары айтылган.

Расмий маалыматка караганда, шаарды курууга болжол менен 20 миллиард доллар кетет. Долбоор Бишкекке жүк келтирбөө, туризмди өнүктүрүүнү көздөйт.

Айрым адистер мындан көлдүн экологиясы бузулушу ыктымалдыгын айтып, андан көрө бар шаарларды оңдоп, өндүрүштү жандантуу керектигин сунуштап чыгышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG