Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:27

Алматыда полиция 20дай адамды кармады


Казакстан.Алматы шаарындагы Республика аянтынын алдында турган полиция кызматкерлери. 3-январь, 2022-жыл
Казакстан.Алматы шаарындагы Республика аянтынын алдында турган полиция кызматкерлери. 3-январь, 2022-жыл

Алматыда полициянын атайын даярдыктагы отряды акын жана диссидент Арон Атабектин кыркылыгына чогулгандар кафеден чыкканда 20дай адамды кармап кеткени кабарланды.

Кармалгандарды полиция атайын автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин "Азаттыктын" казак кызматы активист Алдабергеновго таянып билдирди.

Анын айтымында, кафеден чыгып келе жаткандар курчоого алынып, кармалган. Алдабергенов эскерүү иш-чарасынан бир аз эрте кетип, кармалбай калганын "Азаттыкка" айтты.

Активист Марат Турымбетовдун айтымында, кармалгандардын арасында алматылык активисттер Айгерим Тлеужан, Даулет Абилкасымов бар.

Анын айтымында, кыркылыкка келгендер жаңы жылда бир топ кымбаттаган суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен 2-январдан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан Жаңы-Өзөн шаарынын тургундарын колдоо үчүн борбордук аянтка барууну көздөшкөн.

Полиция кызматкерлери Турымбетовдун майыптыгын эске алып, кармашкан эмес.

Нур-Султан шаарында да андан мурда полициянын атайын бөлүгү Жаңы-Өзөндөгү каршылык акциясын колдоо үчүн аянтка чыккан бир нече адамды кармады.

Алматынын полициясы Астана жана Республика аянттарына барчу жолду бөгөп, жол кыймылын токтотту. Анда полициянын унаалары жана фуралар токтоп турат. Мобилдик интернет жакынкы райондордо жок болуп жатканы кабарланды.

Жаңы-Өзөндө жана Маңгыстау облусунун бир катар айылдарында 2-январдан бери жүздөгөн тургундар суюлтулган газдын кымбатташына каршы акция өткөрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG