Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Биринчи май жана Свердлов округдарынан талапкер болууну каалагандар 13кө жетти


Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 13 адамга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, Биринчи май шайлоо округунан жети адам, ал эми Свердлов округунан алты адам талапкер болууну көздөп жатат. Алардын арасында Биринчи май округунда мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, адвокат Нурбек Токтакунов, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Руслан Акылбеков, мурдагы күч кызматкери Анвар Сартаев бар. Ал эми Свердлов округунан Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова, жарандык активист Назгүл Жолдошева, дарыгер Муратбек Султанбеков жана башкалар арыз берген.

Буга чейин мурдагы баш прокурор Аида Салянова да дал ушул округдан талапкерлигин коюу ниетин билдирген эле.

28-ноябрда өткөн шайлоодо бул округда шайлоого катышкан жарандар баарына каршы добуш бергендер көп болгон.

БШК мыйзамга ылайык эки округда кайра шайлоону 27-февралда белгилеген.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG