Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Израил Газага жооп иретинде чабуул жасаганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Израил өзүнүн аскердик аба күчтөрү Газа тилкесинде операция жүргүзгөнүн 2-январда кабарлады.

Маалыматта Жер Ортолук деңизине түшкөн эки ракеталык чабуулга жооп иретинде Газадагы палестиналык радикал ХАМАС тобунун согушкерлеринин позицияларына учактардан сокку урулганы айтылат.

Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) "Дүйнө жүзү 2022-жаңы жылды белгилөө үчүн майрамдык фейерверктерин жандырганда, Газадан оттун башка түрү учуп чыкты" деп билдирди.

Жабыркагандар тууралуу эки тараптан тең маалымат айтылган жок.

Сентябрь айындагы бир окуяны эске албаганда, былтыр жазында май айында 11 күнгө созулган согуштан кийин жарыяланган ок атышууну токтотуу келишими кабыл алынгандан бери аткылашуу боло элек.

Бул окуядан соң тараптар ок атышпоо режимин бузуунун кесепеттери тууралуу бири-бирине эскертүү жасашты.

Израил Газа тилкесинен Израилдин аймагын ракеталык аткылоо улантыла берсе, ок атышпоо режими токтой турганынсэскертти.

ХАМАС кыймылы Израил, АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук топ катары таанылган.

Израил Газа тилкесин блокадага алууну 2007-жылы аймакты көзөмөлдөө ХАМАСка өткөндөн бери колдоп келет.

Палестина өз кезегинде аймагын Израил басып алганын, анын мамлекет түзүү талабын таанууну талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG