Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:24

РЕН ТВ министрликтин билдирүүсүнө жооп берди 


 РЕН ТВ телеканалынын белгиси.
РЕН ТВ телеканалынын белгиси.

Орусиялык РЕН ТВ телеканалынын маалымат кызматы Кыргызстандын тийиштүү органдарынан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай кабарлама албаганын билдирди.

Телеканал жергиликтүү мыйзамдарды сактап келгенин маалымдайт.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “РЕН ТВ телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чыгууну токтотот” деп кабарлаган.

Мекеме мындан сырткары мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эрежелерди сактабагандыгы үчүн "8-канал", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний" телеканалдарын аналогдук берүүдө жана санариптик пакетте эфирге чыгууга тыюу салганын билдирген. Азырынча аталган телеканалдардын өкүлөрүнөн пикир алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкө аймагындагы телеканалдарга мониторинг кылып жатканын жарыялады.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 60тан ашуун менчик ТВ, радио каналдар бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG