Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

Түштүк Африканын парламентинин имаратында өрт чыкты


Түштүк Африканын Кейптаун шаарындагы парламентинин имараты.
Түштүк Африканын Кейптаун шаарындагы парламентинин имараты.

Түштүк Африканын Кейптаун шаарындагы парламентинин имаратында 2-январда өрт чыкты. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлады.

Өрт өчүрүүчүлөр бир нече сааттан кийин тилсиз жоону чектеген.

Коомдук иштер жана инфраструктура министри Патрисия Де Лилл өрт Улуттук ассамблеянын палатасына зыян келтиргенин айтты.

Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Алгачкы маалыматтарда өрт кеңседен чыкканы айтылган, себеби белгисиз. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG