Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Зеленский: чек аранын ары жагындагы армия бизди коркута албайт


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 1-январь. 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 1-январь. 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-январга караган түнү жасаган жаңы жылдык кайрылуусунда чек арага жакын жайгаштырылган орусиялык аскерлер анын элин коркута албастыгын баса белгиледи:

"Анткени бизди чек аранын бери жагында улуу армия коргоп турат", - деди Зеленский.

Мындай билдирүү Батыш мамлекеттери менен Москванын ортосунда чыңалуу күчөп жаткан маалда жасалды. Киев жана Батыш Украинанын чек арасына жакын жүз миңге чукул орус аскерлеринин жайгашуусуна тынчсызданып, Киевге кол салышы мүмкүн деп кооптонуп келишет.

Москва мындай дооматтарды четке кагып, кокус куралдуу кагылышуу болуп кетсе, Батыш жоопкерчилик аларын билдирүүдө.

Зеленский Киев менен өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер ортосундагы согушту токтотуу анын өкмөтүнүн "башкы максаты" бойдон кала берерин билдирди. Ал Крым "бир кезде кайрадан" Киевдин көзөмөлүнө өтөрүн кошумчалады.

Украин президенти Крымда орус бийлиги тарабынан кармалган жарандарга өз колдоосун билдирди.

Зеленский бул сөздөрдү айтып жатканда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Владислав Есипенконун видеокадрлары көрсөтүлүп жатты. Ал 2021-жылы Крымда кармалган, кийин камакта кыйноого кабылганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG