Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-январда түнкүсүн Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көлдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9​,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7​, ​

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11​, ​

Нарын жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -3…-8​ ​

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -1…+1, күндүз 7…9° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG