Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:23

Нью-Йорк: мекендештерин саткан өзбек жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШда кармалган Өзбекстандын жараны буга чейин ал жакта иштеп жүргөн мекендештерин соодалап жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 31-декабрда билдирди.

"Адам сатуу менен алектенип, аларды АКШга кулчулукка алып барууга шектелген Өзбекстандын жараны Интерполдун жардамы менен Америка Кошмо Штатында кармалды. Ал адам Нью-Йоркто колго түшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган адам азыркы учурда Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Эми ал сот жообуна тартылат. Ал канча адамды кулчулукка сатканы тууралуу айтылган жок.

Адам сатууга шек саналган киши Нью-Йоркто аба майданындагы чек ара өткөрмөсүнөн өтүп баратканда кармалган. Ал буга чейин Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Өзбекстандагы Интерпол бюросу менен Ички иштер министрлигинин Самарканд облустук башкармалыгынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында издөөдө жүргөн жаран кармалып, өзбек тарапка өткөрүлүп берилди.

"Эми ал жасаган кылмыш иштери үчүн сот жообуна тартылат", - деп билдирди Интерполдун Өзбекстандагы Улуттук борбордук бюросу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG