Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Европа Кеңешинин комиссиясы "Мемориалды" жоюуну айыптады


Укук аркылуу демократия үчүн Еврокомиссия - Европа Кеңешинин консультациялык органы "Мемориалды" ("чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген) жоюу боюнча Орусиянын Жогорку сотунун чечимин айыптады. Комиссиянын билдирүүсүндө бул чечим эл аралык стандарттарды бузуу деп айтылат.

Комиссия “чет элдик агенттер” мыйзамы “так эмес жана өтө кеңири” деп эсептейт.

"Кандай гана жаза болбосун кылмышка пропорционалдуу болушу керек. Ал эми уюмду жоюу демократияга коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар болгон учурда гана акыркы чара катары колдонулушу мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Комиссия ал тургай кайталанган административдик укук бузуулар мындай уюмду жоюуга негиз боло албайт деп эсептейт. Алар ошондой эле Орусия Мемориалдын "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамдарга карата дооматтарын эске албаганын белгилешкен.

Орусиянын Жогорку соту 28-декабрда Башкы прокуратуранын доо арызы менен Эл аралык "Мемориал" укук коргоо уюмунун жоюп салды. Эртеси ушундай эле чечимди Москва шаардык соту чыгарган. Чечимдер даттанылышы мүмкүн.

Европа Кеңешинин комиссиясы, же Венеция комиссиясы өлкөлөргө конституциялык укук боюнча кеңеш берет. Анын курамына Европа Кеңешинин өлкөлөрү, анын ичинде Орусия жана башка бир катар мамлекеттер кирет. Июль айында комиссия Орусияны “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамдарды аягына чыгарууга чакырган, анткени “сөздөр бүдөмүк”.

Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) уюмдарды жоюу боюнча чечимдерди кабыл алгандан кийин, алардын аткарылышын токтотууну шашылыш түрдө талап кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG