Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:58

Юстиция министрлигинин алдында институт түзүлдү


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Юстиция министрлигинин алдында Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Министрлер кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, илимий ыкмаларды киргизүү максатында кабыл алынган.

2021-жылы 5-майда Кыргызстанда жаңы Конституция күчүнө кирген. Мыйзамдар жаңы Баш мыйзамга ылайык өзгөртүлүүдө. Жыл башында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 350дөн ашуун негизги мыйзамдар анализделип, инвентаризация жүрүп жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG