Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Путин менен Байден телефон аркылуу сүйлөштү


Владимир Путин жана Жо Байден Женевадагы сүйлөшүү учурунда. 16-июнь, 2021
Владимир Путин жана Жо Байден Женевадагы сүйлөшүү учурунда. 16-июнь, 2021

30-декабрдын кечинде Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Жо Байден телефон аркылуу сүйлөштү. Ал учурда Байден Делавэр штатындагы өзүнүн үйүндө болгон. Эки лидер 50 мүнөт сүйлөшкөнү менен, анын мазмуну тууралуу ачык айтылган жок.

Байден менен Путин Украинадагы чыңалуудан улам келерки жылдын башында дипломатиялык алаканы активдештирүүнү макулдашканы кабарланды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки билдирүү жасап, Жо Байден Владимир Путинди Украинанын айланасындагы чыңалган кырдаалды жөнгө салууга чакырганын билдирди. Президент Байден АКШнын шериктештери жана өнөктөштөрү менен “Украинага каршы мындан аркы агрессияга чечкиндүү жооп берерин” ачык айтканы белгилүү болду.

Ошол эле учурда президент Байден дипломатиялык аракеттерди, атап айтканда, январь айында боло турган НАТО - Орусия кеңешинин жана ЕККУнун алкагында эки тараптуу АКШ - Орусия стратегиялык диалогун жана сүйлөшүү жүргүзүү демилгесин колдоду.

Ак үйдүн билдирүүсүндө дипломатиялык диалог жаңжал жөнгө салынган соң гана ийгиликке алып келери баса белгиленген.

АКШ администрациясынын атын атабаган расмий өкүлү Байден Путинге эки өлкөнүн алдында эки жол бар экенин айтканын билдирди. Алардын бири дипломатия же Орусияны санкциялар аркылуу ооздуктоо.

АКШ президенти Жо Байден Орусия Украинага басып кирсе, Орусияга каршы олуттуу экономикалык зыян келтире турган санкцияларды киргизүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Президент Байден Орусия менен сүйлөшүүлөрдө союздаштардын жана өнөктөштөрдүн коопсуздук маселеси алардын катышуусусуз чечилбей турганын айтты.

Бул сүйлөшүү Москванын демилгеси менен өттү. 10-январда Женевада Орусия - АКШ жана НАТОнун жолугушуусу күтүлүүдө. Анда Украинага жакын жерде орус аскерлеринин топтолушу жана Москванын НАТОдон коопсуздук кепилдигин алуу талабына байланыштуу чыңалууну жөнгө салуу жолдорун издейт. Андан соң 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин алкагында өтөт. 13-январда ЕККУда талкуулар башталат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, телефон аркылуу сүйлөшүүдө тараптар маанилүү жолугушуунун алдында өз позицияларын тактап алышы керек эле. Бул Путин менен Байдендин декабрь айындагы экинчи сүйлөшүүсү. Мурдагы сүйлөшүү Вашингтондун демилгеси менен видеобайланыш аркылуу өткөн.

Батыш орус бийлиги чек арага аскерлерин топтоп, украин аймагына кайрадан басып кирүүгө даярданууда деп шектенүүдө. Мындан улам ортодогу мамиле чыңалды.

Москва 17-декабрда коопсуздук кепилдиктерине тиешелүү эки долбоорду сунуштап, НАТОдон чыгышка карай кеңейүүдөн баш тартууну талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG