Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:37

Бишкек абасы булганган шаарлардын алдыңкы сабынан түшө элек


Бишкек.
Бишкек.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 30-декабрда Бишкек үчүнчү сапка чыкты. Бишкектин алдында Монголиянын Уланбатор шаары менен, Польшанын түштүгүндөгү Краков шаары турат. Бул рейтингде Кыргызстандын баш калаасы Пакистандын Лахор, Бангладештин Дакка, Индиянын Дели, Кытайдын Ухань шаарларын артта калтырды.

Азыр шаардын борборунда индекс (AQI) 264төн ашты. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Ар кайсы райондордо индекс ар кандай. Азыр көрсөткүч шаардын четиндеги Лебединовкада айылында 276, Ош шаарында 158 деп турат.

Ноябрда Кыргызстандын борбору бул индексте баарынан озуп, биринчи орунга чыккан. Ал кезде көрсөткүч (AQI) 300гө жакындаган. Негизи, аба таза болгондо атайын изилдөөчү жабдыктар 50дөн ылдый көрсөткүчтү көрсөтөт.

Мурдагы жылдары кышында, январь-февраль айларында башкалаада жана анын четинде индекс 800дөн ашып кеткен учурлар болгон.

Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда.

Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG