Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:11

Таласта 29 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас шаарында 29 жаштагы келин киши колдуу болгону кабарланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 29-декабрь күнү 10:40 чамасында милицияга «Тез жардам» кызматы Талас шаарынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болгону тууралуу кабарлаган. Текшерүү учурунда денесинде көк ала тактар бар экен аныкталган. Кымышка шектелип келиндин 33 жаштагы күйөөсү кармалды. Милиция факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде («Киши өлтүрүү») кылмыш иши козголгонун, учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Айрым маалымат каражаттар келиндин күйөөсү жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштей турганын, аялын сабап, эс-учун жоготуп койгондо «Тез жардамды» өзү чакырганын жазышты. Милиция бул тууралуу маалыматты ырастаган эмес.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 2021-жылдын 11 айында аялдарга карата 232 зордук зомбулук фактысы катталган. Ал эми өлкө боюнча мындай фактылардын саны эки миңге чукул.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аялдардын укуктарына арналган жыйында Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана кыз-келиндерге карата зомбулук маселеси оор экенин билдирген. Анын маалыматы боюнча, быйыл алгачкы жети айда 8405 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Өткөн жылы жети айда 6060 окуя болгон.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат. Статистика алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөттү. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG