Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Акылбек Жапаров Кытайдын Евразия боюнча атайын өкүлү менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй.

28-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда кыргыз-кытай кызматташтык маселеси талкууланган. Жапаров Кыргызстан биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу стратегиялык мааниге ээ экенин, "Бир алкак – бир жол" долбоорунун алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүү зарылдыгына токтолгон.

Кытай өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй держава мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айткан.

2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилесине 30 жыл болот.

Кыргызстан 2020-жылы башталган коронавирус пандемиясынан кийин Кытай менен солгундап кеткен соода-алаканы жандантуу аракетин көрүүдө. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG