Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Кайра шайлоо: БШКга эки арыз түштү


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 27-февралга белгиленген парламенттик шайлоого бир мандаттуу Свердлов жана Биринчи май округдарынан катышуу ниетин билдиргендердин арызын кабыл ала баштады.

БШКнын 28-декабрдагы маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элвира Сурабалдиева Биринчи май округунан талапкер болуу үчүн документтерин тапшырды. Ушул эле күнү Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова Свердлов шайлоо округунан өз талапкерлигин көрсөтүү ниетин БШКга билдирди. Экөө тең өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүүгө чейин 30 календарлык күн калганда же 2022-жылдын 27-январында, саат 18:00дө аяктайт.

Ал эми депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 күндөн кечиктирилбестен же 2022-жылдын 30-январында, саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болгон. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо жарыяланат. БШК 27-декабрдагы жыйынында эки округда кайра шайлоо өткөрүүнү 27-февралга белгиледи.

7-чакырылышта 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG