Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:41

Таласта соодагерлер ККМ системасына каршы акцияга чыгышты


Таластагы соодагерлер.
Таластагы соодагерлер.

Бүгүн, 27-декабрда Талас шаарындагы соода борборлорунда иштеген ишкерлер көзөмөл кассалык аппарат (ККМ) киргизүүгө каршы акцияга чыкты.

"Алтын Казык" соода түйүнүнө чогулган 20дай адам ККМ системасын киргизүүгө ишкерлердин деңгээли жете электигин, ал ишке кирсе товарлардын баасы да кымбаттай турганын айтып чыгышты.

Мындан сырткары патент системасы менен иштөөнү калтырууну, жаңы Салык кодексин артка кайтарууну суранышты.

"Былтыркы жылкы, андан мурун төрт жыл мурунку бааларды салыштыргылачы, баары кымбаттады. Бирок айлыкты карап көргүлө. Кимдин айлыгы көтөрүлдү? Элдин деңгээли ошол бойдон эле. Биринчи элдин деңгээлин көтөрүш керек. Азыр бул салыктын баарын товардын баасына кошконго мажбур болобуз ",- деди соодагерлердин бири Медер Озорбаев.

Чогулгандар президентке, Жогорку Кеңешке жана Министрлер кабинетине видео кайрылуу жолдошту.

Ушул эле талап менен буга чейин Бишкекте 100гө жакын киши нааразылык акцияга чыккан. Алар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана экономика министри Данияр Амангелдиев жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Анын алкагында, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарын киргизүү чечими кабыл алынган. Министрлер кабинети мунун эсебинен бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрү көбөйөрүн айтууда.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы "Дордой", "Дордой Моторс", "Таатан" базарларындагы соодагерлер акцияга чыгышкан (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG