Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Британ министри Орусияны кас мамлекеттердин катарына кошту


Демиан Хайндс, Британиянын коопсуздук министри.
Демиан Хайндс, Британиянын коопсуздук министри.

Британиянын коопсуздук министри Дэмиан Хайндс Орусияны Кытай жана Иран менен бирге анын өлкөсүнө коркунуч туудурган эң кас үч мамлекеттин катарына киргизди.

Бул тууралуу саясатчы The Daily Telegraph гезитине курган маегинде билдирди.

Хайндс чет элдик чалгын кызматтарына каршы күрөш боюнча британ мыйзамдарын жаңылоо зарылдыгын белгиледи.

Министр улуттук коопсуздук боюнча мыйзамдын кээ бир жоболорундагы ченемдер дээрлик 100 жылдан бери жаңыланбай, эскирип калганын кошумчалады.

Буга чейин MI-6 (Британиянын тышкы чалгын кызматы) башчысы Ричард Мур жана өлкөнүн коргоо министри Бен Уоллес да Орусияны кооптуу өлкөлөрдүн катарына кошкон.

17-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу Лондондун чектөөлөрүнө жооп иретинде жети британ атуулуна санкция жарыялаган. Аларга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Андан соң Тышкы иштер министрлиги Лондонду Орусия менен тирешүүдөн баш тартууга чакырып, ар кандай достук эмес кадамдар жоопсуз калбасын эскерткен болчу.

Бул тирешүү 2018-жылдын мартында Солсбериде Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУнун) мурдагы офицери Сергей Скрипал жана анын кызы "Новичок" уулуу заты менен уулангандан кийин күчөгөн.

Лондон мунун артында 2020-жылы Томск шаарында Навальныйга кол салуу аракети сыяктуу орус бийлиги турат деп эсептейт. Москва бардык айыптарды негизсиз деп четке каккан.

Улуу Британия башка Батыш өлкөлөрү менен бирге Крымдын аннексияланышы жана Донбасстагы жаңжал үчүн Москвага каршы санкцияларды киргизген.

Соңку мезгилде Кремлдин Украинага аскердик кол салууга даярдыгы тууралуу маалыматтардан улам Орусия менен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ортосунда тиреш күчөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG