Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Акылбек Жапаров суу түтүгү жарылган Бишкек ЖЭБине барды


Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде
Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы суу түтүгү жарылган насостук станцияда көчмө жыйын өткөрдү. Аткаруу бийлигинин маалымат кызматы билдиргендей, ЖЭБдеги авариялык абал жөнгө салынды.

Акылбек Жапаров мындай окуяларга жол бербөө максатында, өзгөчө түнкүсүн күзөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүүнү билдирди.

Ал ошондой эле ЖЭБдеги жабууларды жаңыртуу керектигин белгилеп, кийинки жылдын апрелине чейин жаңыланчу жабдуулардын тизмесин даярдоону тапшырган.

«Бул жолу компаниянын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирген, аны жаңыртууга убакыт келди», - деген Акылбек Жапаров жана 2022-жылдын апрель айына карата жаңылатууга муктаж жабдуулардын тизмегин даярдоону тапшырды.

Бишкек жылуулук электр борбору баш калааны жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздаган стратегиялык обьект. 2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн энергиясыз калган. Буга байланыштуу кийин ишкананы оңдоп-түзөө боюнча «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир нече жетекчи соттолгон.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG