Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Путин Батыш Москванын талаптарын аткарбаса, кандай кадам таштарын айтты


Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыш Москванын коопсуздукка байланыштуу кепилдик берүү талабын аткарбаса, аскердик эксперттердин ар кыл сунуштарын караштырып көрө турганын айтты. Анын мындай комментарийин Орусиянын мамлекеттик телеканалдары 26-декабрда жарыялашты.

Путин журналисттин: "Сиз эгер алар бизди укпаса, аскердик-техникалык жооп кайтарыла турганын кыйыттыңыз. Ал кандай болушу мүмкүн?", - деген суроосуна жооп берген.

"Ал [жооп] ар кандай болушу мүмкүн. Ал биздин аскердик эксперттердин мага жөнөткөн сунуштарына жараша болот", - деп айткан Путин.

Ошол эле кезде орус президенти кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө үмүт арта турганын кошумчалаган.

Буга чейин Орусия АКШга жана НАТОго "коопсуздук кепилдигинин" өз вариантын сунуш кылган. Ал келишимдин долбоорунда Түндүк атлантикалык аскердик альянс өз курамына "Украина жана башка мамлекеттерди кошпой, Украина, Кавказ жана Борбор Азияда аскердик аракеттерге барбай, чек арага жакын аймактарда машыгууларды өткөрбөшү керек" деп жазылган.

Путин 23-декабрдагы маалымат жыйынында эгер Батыш өлкөлөрү Орусиянын босогосуна жакындап келе турган болсо, Москва чара көрө турганын билдирген.

АКШдагы жана НАТОго кирген башка өлкөлөрдөгү айрым расмий жетекчилер Орусиянын айрым талаптарын аткаруу мүмкүн эместигин, алар Батыштын баалуулуктарына каршы келерин айтышкан. Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү бул маселе боюнча Москва менен январь айында сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат.

Соңку бир канча жумадан бери АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирип, Москва жакынкы айларда Украинага кол салышы мүмкүн экенин эскертип келди. 25-декабрда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чек арасына жакын аймакта "машыгууларды өткөргөн" 10 миңдей аскер артка кайтарылганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG