Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Орус аскерлери Украина менен чек арадан кетип жатканы кабарланды


Орус-украин чек арасына жакын жердеги Погонов аскер полигону. Воронеж облусу, Орусия.
Орус-украин чек арасына жакын жердеги Погонов аскер полигону. Воронеж облусу, Орусия.

Орусиянын коргоо министрлиги Украина менен чектеш аймактагы аскерлерин алып кетип жатканын маалымдады. Анда Түштүк аскер округундагы аскерлердин бир айлык машыгуусу аягына чыкканы айтылат. Маалыматка ылайык, 10 миңден ашуун жоокерлер мурдагы бөлүктөрүнө кайтат.

"Согуштук даярдык боюнча машыгуулар Астрахан, Волгоград жана Ростов облустарында, Ставропол жана Кубанда, Түндүк Кавказда жана Крымда, ошондой эле Абхазия, Армения жана Түштүк Осетияда өттү", - деп жазылган министрликтин сайтында.

25-декабрда Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ конгрессмендери жана сенаторлору менен онлайн сүйлөшкөн. Анда Донбасстагы кырдаал жана орус-украин чек арасындагы орусиялык аскерлер тууралуу сөз болгон. Ал Донбасстагы кырдаалды тескөөдө АКШнын орду чоң экенин белгилеген.

Ноябрь айында Conflict Intelligence Team уюмунун иликтөөчүлөрү Орусия Украина менен чек арасына аскерлерин жана техникасын жайгаштырып жатканын айтып чыккан. Бул маалыматты Пентагон да ырастап, орус-украин чек арасындагы аскерлер тууралуу чалгындын маалыматтарын Киевге бермекчи болгон.

Декабрдын башында Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Жо Байден видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн. Байден Москвага Украинага чабуул кылса күтүлүп жаткан санкциялар тууралуу эскерткен. Путин Байденге НАТОнун Украинага чейин кеңейтилишин кабыл албай турганын билдирген. Ал эми альянстын жетекчилиги Орусия НАТОго жаңы мүчөлөрдүн киришине тоскоолдук кылууга укугу жок деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG