Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37

Христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешүүдө


Понтифик Франциск Ватикандагы месса учурунда. 24-декабрь, 2021-жыл.
Понтифик Франциск Ватикандагы месса учурунда. 24-декабрь, 2021-жыл.

24-декабрдан 25-декабрга караган түндө батыштагы католиктер григориан календары боюнча Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти.

Ватикандагы Ыйык Петр соборунда Рим папасы Франциск элди майрамы менен куттуктады. Коронавирус пандемиясынан улам майрам чектөөлөр менен өттү. "Америка абазы" радиосу маалымдагандай, быйыл соборго адамдар былтыркыга караганда он эсе көп - эки миң чамалуу киши киргизилди. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу дээрлик он эсе аз.

Рим папасынын туура түн жарымда башталчу чиркөөдөгү сыйынуусу (месса) 85 жаштагы понтификтин ден соолугуна байланыштуу 19:30га жылдырылды.

Собордогу бардык коноктор беткап менен киришти. Associated Press агенттиги булактарына шилтеп маалымдагандай, Франциск коронавируска каршы эмделген. Ватикандын өзүндө 23-декабрда бардык тургундарды жана кызматкерлерди эмделүүгө милдеттендирген жарлык чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG