Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:25

Гонконгдо Тяньаньмэнь окуяларына арналган дагы эки эстелик алынды


Гонконг университетиндеги "Уят устуну" эстелиги.
Гонконг университетиндеги "Уят устуну" эстелиги.

Гонконгдо дагы эки университет Тяньаньмэнь окуяларына жана анын курмандыктарына арналган эстеликтерди алып салды. Мындай аракеттер "Кытай дээрлик 32 жыл мурда болгон окуяны элдин эсинен өчүрүүнү көздөйт" деген кооптонууларды күчөттү.

24-декабрда Гонконгдогу кытай университети "Демократиянын кудайы" аттуу айкелди, Линнан университети Тяньаньмэнь кыргыны маалындагы түрдүү окуялар чегилген дубалды алып салды.

Гонконгдогу кытай университети өз билдирүүсүндө "уруксат алынбаган айкел" алынганын белгиледи.

Бир күн мурда шаардагы эң байыркы деген Гонконг университети да Тяньаньмэндеги окуяларга арналган, өлгөн адамдардын сөөгү жыйылып турганын көрсөткөн "Уят устуну" айкелин алып салган.

1989-жылы 4-июнда Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган студенттердин дээрлик жети аптага созулган нааразылык акциясы аёосуз түрдө күч менен басылган. Ал күнү бийлик аянтка танк жана аскердик күчтөрүн киргизип, демонстранттарды кууп тараткан. Бул окуядан канча киши каза тапканы алигиче так белгисиз. Жүздөгөн, балким миңдеген адамдар мерт болгону тууралуу гана жоромолдор бар.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген. Соңку жылдары Гонконгдо Бээжиндин саясатына каршы чыккан демократиялык кыймылдардын демонстрациялары күч менен басылганы белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG