Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Таласта жол кырсыгынан эки адам каза болду


Ала салып кеткен автоунаа. 24-декабрь. 2021-жыл.
Ала салып кеткен автоунаа. 24-декабрь. 2021-жыл.

24-декабрда Таластын Кара-Буура районунда Кызыл-Адыр - Аманбаев жолундагы кырсыкта эки киши көз жумуп, бир киши жаракат алды.

Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдиришинче, кырсык түнкү саат үчтөр чамасында болгон.

Буга чейин 17-декабрда Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы кырсыктан 13 жана 14 жаштагы эки өспүрүм каза болгон.

Маалыматка караганда, "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү жеңил унааны айдап бараткан 14 жаштагы бала рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзүп, жеринде каза болгон. 13 жаштагы жүргүнчү тез жардам унаасында үзүлгөн. Айрым маалыматтар боюнча, өспүрүм атасы үйүндө жок кезде унааны айдап кырсыкка кабылган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5 437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны сегиз миңден ашык. Жол кырсыктары 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 30% көбөйгөн. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG