Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Сумаянын өлүмүнө шек саналган адам коё берилгенин адвокаты кабарлады


Кылмышка шектүү. ИИМ тараткан сүрөт.
Кылмышка шектүү. ИИМ тараткан сүрөт.

Сузак районунда тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шек саналып кармалган жаран кайра коё берилди. Жактоочу Мунар Сулайманов ал күбө катары суракка чакырылып, суроо-жооптон кийин үйүнө коё берилгенин 23-декабрда "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты милиция дагы ырастап, шектүү соттук-психиатриялык экспертизадан милициянын көзөмөлү менен өтөрүн, ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын маалымдады.

“Жактоочу шектүүнүн психикалык жактан жабыркагандыгын, буга чейин ооруп дарыланган тактамаларын көрсөткөн. Ошонун негизинде соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Бирок кылмышты жасагандыгын айтып, окуя болгон жерде көрсөтмөлөрдү берген. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин бүгүн, 23-декабрда билдирген.

Милиция тараткан маалыматта сурак учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жертөлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, өлүп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын жарыялаган.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз болгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган.

Жалал-Абад облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон сабакка барган эмес.

Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген.(TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG