Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

ЕБ Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 19,4 млн. евро бөлдү


Кыргызстан менен Европа Биримдигинин желектери.
Кыргызстан менен Европа Биримдигинин желектери.

Европа Биримдиги Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 19,4 млн. евро же дээрлик 1,9 млрд. сом бөлдү. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, каражат өлкөнүн санариптештирүү жана билим берүү тармагына жумшалат.

Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бөлүнө турган 7,4 млн. евро 2019-2021-жылдарда Евробиримдик бөлгөн 32 миллион евронун акыркы траншы. Калган 12 млн. евро 2020-2023-жылдары Кыргызстанды санариптик трансформациялоо боюнча Жол картасын ишке ашырууга жумшалмакчы.

Бул программанын максаты өлкөнүн бардык аймактарында калкка электрондук кызмат көрсөткөн Sanarip-Aimak/Digital Aimak системасын ишке киргизүү, өлкөнүн киберкоопсуздугун сактоо болуп саналат.

Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталган. Биримдик 2014-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанга 174 миллион доллар жардам бөлгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG