Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:06

"Азаттыктын" беларус кызматынын журналисти Кузнечикке кылмыш иши козголду


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечик.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечик.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечикке 23-декабрда кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты. Кузнечик 25-ноябрда кармалган. Аны бейбаштыкка айыптап, 10 суткага камашкан. Мөөнөтү аяктагандан кийин кое беришпей, дагы ошол эле айып менен камактагы мөөнөтүн он күнгө узартышкан. Журналист ага тагылган айыптарды мойнуна алган жок.

Жакындарынын айтымында, Кузнечик азыркы отурган Окрестина убактылуу кармоочу жайынан Минскидеги башка жабык жайга которулары маалым болгон.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай Кузнечиктин "токулган айыптоолор" менен камалышын сындап, аны токтоосуз бошотууга чакырган.

Беларус соту буга чейин "Азаттыктын" беларус кызматынын "Телеграм" жана YouTube каналдарын экстремисттик деп тапкан. 23-декабрда кызматтын өзүн да экстремисттик медианын катарына кошкону маалым болду.

2020-жылы жайында өткөн шайлоодо Александр Лукашенконун жеңип чыкканы жарыялангандан кийин түмөндөгөн беларустар буга каршылыгын билдирип демонстрацияга чыгышкан. Аларды бийлик күч менен таркатып, миңдеген адамдарды камап, ур-токмокко алган. Жүздөгөн оппозициячыл активисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Шайлоонун жыйынтыгын бир катар Батыш мамлекеттери, АКШ тааныган эмес. Минскиге бир катар санкциялар салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG