Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Аялына кол көтөргөн судьяга эскертүү берилди


Аялына кол көтөрүп жаткан учур тартылган тасмадан алынган сүрөт.
Аялына кол көтөрүп жаткан учур тартылган тасмадан алынган сүрөт.

Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов тууралуу коомдук тармактарда тараган тасманын чоо-жайын Жогорку соттун жетекчилиги териштирди. Жыйынтыгында "судья кынтыксыз болушу керек" деген эскертүү берди. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Анын айтымында, Кылычбек Истамкулов аялына кол көтөрүүгө үй-бүлөлүк пикир келишпестик себеп болгонун түшүндүргөн.

"Жубайы жаңы жылга байланыштуу отуруштан кийин кызуу абалында автоунааны айдаганы жатканда, Истамкулов аны токтотуунун аракетин көргөн учурун бейтааныш адамдар тымызын тартып алып, социалдык тармактарга таркатышкан. Кылычбек Истамкуловдун жубайы бул окуяда жасаган аракеттери туура эмес экенин түшүнүп, пикир келишпестик жоюлганын ырастады", — деп жазылган Ош облустук соттун маалыматында.

Буга чейин автоунаада аялын урган киши тартылган видео интернетке тарап, ал судья Истамкулов экени айтылган. Ош шаардык милициясы окуя Кылмыштар жана жоруктар реестрине катталганын ырастады. Судьянын аялы комментарий бере элек.

Расмий маалыматтарга караганда, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8,5 миң арыз катталган. Бул былтыркыга караганда 30% көп. Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG